Дарыгердин шалаакылыгы баланы майып кылды (видео)

831

Чүй областынын Сокулук районунун тургуну Сабира Жуманалиева дарыгерлерге нараазы болуп келет. 3 жыл мурда үй-бүлөлүк дарыгерлер 1,5 жаштагы уулу сыркоолоп жатканына карабай эмдөө жасашкан. Бирок көп өтпөй, наристе өзүн жаман сезип, ордунан турбай калган.

Буга жол берген дарыгер сөгүш алып гана кутулган. Ал эми шал оорусуна чалдыккан 5 жаштагы Осмон учурда өз алдынча тамак жеп, сүйлөй албайт. Үй-бүлө эмдөөнү жасоого уруксат берген дарыгер мыйзам чегинде жазаланышы керек дейт.