Дарыгерлер: Аткаминерлер кенемте төлөбөстүн айласын кылышууда (видео)

1405

Жумуш үстүндө ковид-19 илдетин жуктуруп алып каза тапкан 18 медицина кызматкерине 1 миллион сомдон кенемте төлөнүп берилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, дагы 3 ак халатчандын жакындарына компенсация төлөө боюнча чечими чыкты. Ошондой эле учурда дагы 20дай документ каралып жатканы белгилүү болду.

Ал эми иш учурунда илдет жуктуруп алган 144 кызматкерге 200 миң сомдон төлөнүп берилүүдө. Ал арада аймактардагы айрым дарыгерлер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кысымга кабылып жатканын билдирип чыгышты. Айтымдарында, аткаминерлер кенемте төлөбөстүн айласын кылышууда.