Дарыгерлер эмнеге бейтапты кабыл албай коюшкан? (видео)

605

Бейтаптарды кароодон баш тарткан дарыгерлерге кандай чара көрүлдү? Ооруп калган наристелерге дарыгерлер кош көңүл мамиле кылган учурлар тартылган видеолор кызуу талкууланууда. Жалал-Абаддагы Сузак районунун Благовещенский айылында педиатр дене табы көтөрүлгөн бөбөктү кароодон баш тартып, ал тургай, баланын апасы менен урушууга чейин барган.

Ушундай эле окуя Балыкчы шаарында катталып, температурасы 39га жеткен наристенин ата-энесине көңүл бурбай койгон. Буга нааразы болгон энелердин видеосу интернетте жарыяланган соң дарыгерлерге чара көрүлүшү керек деген талаптар айтылууда. Бул окуялар боюнча Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?