Дарыгерлер маринаддалган бадыраңдарды сатып алуудан баш тартууга чакырат

5099

Ак халатчандар маринаддалган бадыраңдарды сатып алуудан баш тартууга чакырат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ботулизм боюнча бир учур катталды.

Жабыркаган адам консерваланган бадыраңды жеп ууланганы аныкталды. Бул азык атайын анализден өткөрүлгөндө, ботулизмди козгогучтар жана уу табылган. Буга байланыштуу базардан же колдон консервалаларды сатып алуудан баш тартып же болбосо алардын жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруу зарыл экени эскертилүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.