Дарыгерлер саткан 6 ымыркайдын тагдыры эми кандай болот? (видео)

1069

Дарыгерлер тарабынан сатылган ымыркайлар багылып жаткан ата-энесинен алынып, балдар үйүнө өткөрүлүшү мүмкүн. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бала сатуу фактысына байланыштуу териштирүү иштери жүрүүдө. Эгерде наристелерди асырап алган тарап дагы кылмышка тиешеси бар деп табылса, алар мыйзам чегинде 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындай шартта наристелер биологиялык ата-энелерине же туугандарына тапшырылат же балдар үйүнө өткөрүлөт. Учурда бала сатууга шектүү 7 акушер-гинекологдун үстүнөн соттук териштирүү болуп жатат. Ал эми Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү дарыгерлер саткан балдар багылып жаткан үй-бүлөлөрдү таап, алардын абалынан кабар алды.