Дарыгерлер саткан ымыркайлардын ата-энелери табылууда (видео)

940

Дарыгерлердин уюшкан тобу саткан ымыркайлардын чыныгы ата-энелери табылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Бүгүнкү күнгө карата тергөөчүлөр медиктер беш наристени сатканын аныкташты. Балдардын алды бешке чыгып калган. Алардын баары Кыргызстандын эле аймагында экени белгилүү.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен төрөт үйүндөгү кош бойлуу келиндер тууралуу маалыматтардагы дал келбестиктерди таап жатыптыр. Ошондой эле, чарчап калган наристелер боюнча да иликтөө жүргүзүлүүдө.