Дарыгерлерден турган банда 6 ымыркайды сатканы аныкталды

596

Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнүн маалыматы боюнча, сатылган наристелердин алды 2 жашка чыкса, кичүүсү быйыл августта төрөлгөн. Балдар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган.

Тергөө учурунда дарыгерлерден турган уюшкан топ 2016-жылдан бери, баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка үй-бүлөлөргө соодалап жүргөнү аныкталган.

Бул факты боюнча «Адам сатуу» беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, 6 жаранга айып угузулган. Алардын бешөө камакка алынып, жакында эле бир дарыгердин беренеси “кылмышты жашыруу” деп өзгөтүлүп, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Дагы бир врач ооруп жатканына байланыштуу айыбы угузула элек экен.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 4 жылдын ичинде бала сатуу боюнча 20 кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.