Дарыгерлердин катасыбы же илдеттин кесепетиби? (видео)

1102

11 жаштагы Акмат Миталовго тезинен чет өлкөдө операция жасатуу үчүн ири суммадагы каражат керек. Анын жоон ичегиси жабыркап, 6 ирет операцияны башынан кечирген. Бирок андан жардам болгон эмес. Эгерде тез арада операция жасалбаса, организмдеги оор калдыктарга ууланып мерт болуп калышы ыктымал. Бирок андай операцияны Түркиядагы дарыгерлер гана жасоого макул болушкан. Соңку бир жылда анын абалы кескин начарлап кеткен. Операция 21 миң 500 долларга жасалат экен.