Дастан Жумабеков экс-президенттин сынына жооп кайтарды

1239

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн эртең менен пленардык жыйындын башталышында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн жекшемби күнү айткандары боюнча жооп кайтарды. Анда мурдагы өлкө башчы Жогорку Кеңешти көз каранды деп атап, жаш баланын маңкасына салыштырган болчу.

Бул сөзгө бир топ депутаттар теригип, парламенттин спикери жооп кайтарсын деп чыгышкан. Бүгүн Дастан Жумабеков сүйлөп жатып, Алмазбек Атамбаев башкарган 2011-2017 жылдар аралыгында бир катар жакшы иштер жасалып, демократиялык жол менен өнүгүүгө багыт алган коом түзүлгөнүн белгиледи.

Бирок дал ушул жылдары кыргыз элин ири карызга батырып, анын эсебинен жан-жөкөрлөрүңүз ченемсиз байыганы сиз кеткенден кийин гана билинип отурат, — деди Жумабеков. 386 миллион долларга модернизацияланган Бишкек ТЭЦиндеги авария чыкпаганда, көп иштердин былыгы билинбей калмак. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия объекттеги ремонт иштеринен эле жүз миңдеген финансылык мыйзам бузууларды таап чыгышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.