Дастан Жумабеков Германиядагы шаардын атын кайрадан туура эмес айтып алды

6770

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кезектеги сынга алынууда. Парламенттин жетекчиси Германиядагы шаардын атын кайрадан туура эмес айтып алды. Дастан Жумабеков «Франкфурт-на-Майне» деген шаардын атын бул жолу «Франкфурт-на-Маяне» деп жаңылыш окуду.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында аталган шаарда кол коюлган агрардык өндүрүштүк сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралган.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Дастан Жумабеков Германиянын ушул эле шаарын «Франкфурт жана Маяне» деп окуп, коомчулуктун сынына кабылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.