Дастан Жумабеков Парламент төрагасы болуп шайланды (видео)

927

Чыныбай Турсунбеков отставкага кетээри менен анын ордуна депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 80 эл өкүлү колдоду. Алгач бул орунга 3 депутат: Аскарбек Шадиев, Иса Өмүркулов жана Дастан Жумабековдор сунушталган. Бирок көп өтпөй, Шадиев менен Өмүркулов өздөрүнүн талапкерликтерин чакыртып алганы белгилүү болду. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиевдин талапкерлиги да сунушталды. Спикерди тандоо жашыруун добуш берүү жолу менен өткөрүлдү.