Дастан Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматтан алынды

910

Буга өткөн аптада, парламенттин спикеринин атынан Өкмөт башчысына жөнөтүлгөн каттын көчүрмөсү социалдык тармактарда тарап кеткени себеп болду. Ал расмий документте грамматикалык жана орфографиялык 8 ката табылган.

Алгач, бул кат жасалма болушу ыктымал экени айтылып, бирок көп өтпөй ал расмий документ экени такталып, Жогорку Кеңештин аппараты тарабынан текшерүү башталганы кабарланган.

Анын жыйынтыгы менен төраганын иш кагаздары үчүн жооптуу кызматкер, анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.