Дастан Шаршеев кикбокс боюнча чемпион болду

900

25-февралда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда профессионал мушкерлер арасындагы кикбокс боюнча мелдеш өттү.

Мелдештин алкагында Дастан Шаршеев россиялык атаандашы Алексей Додоновду экинчи раундда нокаут менен утуп алды. “Мыктылардын мелдешин” жаңы түзүлгөн кыргызстандык «К-1 Max Pro» промоутердик компания уюштурган. Анын алкагында 10 беттеш өтүп, Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан спортчулар катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Дастан Шаршеев эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча мелдештерге катышып келген. Уюштуруучулардын айтымында, бул Дастан Шаршеевдин кикбокстун профессионалдар арасындагы алгачкы беттеши.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.