«Датка-Кемин» долбоору тарифтерди жогорулатабы? (видео)

905

Датка-Кемин долбоорунда дагы Бишкек жылуулук электр борборундагыдай жаңжалдуу жагдайлар барбы? Экономист.kg интернет сайтынын журналисттери «Датка-Кемин» долбооруна жумшалган 389 миллион доллар насыя боюнча кызыктуу фактыларды ачыкташты.

Алардын айтымында, Эсептөө палатасы жумшалган каражат боюнча аудит өткөрүүгө аракет кылып, бирок маалыматтар ачык болбогондуктан каражаттар кандайча жумшалганы боюнча тактай алган эмес. Жогорку Кеңештин депутаттары да бул курулушта шектүү жагдайлар ба деп, ишти иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүү керектигин айтышууда.