«Датка-Кемин» долбоорундагы шектүү жагдайлар ачыктала баштады (видео)

1051

Кыргызстанда дагы бир ири энергетикалык долбоорго байланыштуу чуу чыкчудай болуп калды. Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоонун айланасындагы жаңжал басаңдай электе, «Датка-Кемин» долбоорундагы шектүү жагдайлар ачыктала баштады. Парламенттин тармактык комитетинин төрагасы бул проектти ишке ашыруу өтө эле кымбатка түшүп калганын айтып, маселенин чоо-жайын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Муну эксперттер дагы колдошууда. Анткени долбоор 1,5 эсеге жогору бааланып калган дешет. Дүйнөлүк тажрыйбада бир чакырым жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясы эң кымбат дегенде 400 миң долларга тартылса, бизде 664 миң доллардан эсептелген. Ошондо Кыргызстан 150 миллион долларды ашыкча төлөп калууда.