Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн жылдырууга уруксат берилди (видео)

839

Жогорку Кеңеш «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Аталган документке депутаттардын 63ү макулдугун билдирсе, 22 эл өкүлү каршы добуш берди. Муну менен Кумтөр кенине жакын жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдырууга уруксат берилет. «Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизүү коомчулукта кызуу талкууну жаратып келген. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул документ менен башка мөңгүлөргө да кол салынышы мүмкүн, деп чочулашууда. Бирок өкмөт мүчөлөрү мыйзам эки мөңгүгө гана тиешелүү деп кепилдик беришти.