«Делбирим» тасмасынын алгачкы кадрлары көрүүчүлөрдүн назарына коюлду

1904

Тасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова жарыялаган трейлерде, Ильяс менен Аселдин алгачкы жолугушуусу, Ысык-Көлдүн жээгиндеги сырдашуусу жана Кадичанын аны кызганып жаткан учурлары бар.

Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде, жаңы форматта тартылган «Делбирим» тасмасында Ильяс менен Байтемирдин ролдорун Өзбекстандык актерлор Адиз Ражапов, Улугбек Кадыровдор ойноду. Ал эми Аселдин образын Кыргызстандык актриса Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Тасманын негизги бөлүгү Өзбекстандын шаарларында, акыркы эпизоддору Ысык-Көлдө тартылган. Кинонун бет ачары 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.