«Дем» театры: 200 миң долларды чогултуу үчүн 210 жыл эмгектениш керек

936

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев алды деп шектелген 200 миң доллар пара боюнча маданият кызматкерлери тамаша-чын аралаш билдирүү жасашты.

«Дем» театрынын артисттери социалдык баракча аркылуу видеокайрылуу жасап, мынча ири суммадагы каражатты табуу үчүн ким канча жыл иштеш керектигин айтып беришти.

Алар 200 миң долларды сомго айлантканда 13 миллион 600 миң сом болоорун артисттер мынча акча чогултуу үчүн 210 жыл тынбай эмгектениши керектигин эсептеп чыгышкан.