Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйдү

1260

Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Өкмөт жетекчиси кол койгон чечимге ылайык, машыктыруучулардын маянасы 50%, ал эми тармактын дагы башка кызматкерлеринин айлыгы 20% көбөйдү.

Мындай чечим кабыл алууга соңку жылдары кыргыз спортчуларынын жараткан бир катар ийгиликтери түрткү болгон. Мисалы, былтыр Индонезиянын Джакарта шаарында өткөн 18-Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар биринчи жолу 20 медалга ээ болушса, алардын ичинен үчөө алтын.

Мындан сырткары өкмөттүн 2018-жылы футбол боюнча Улуттук курама командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө тарыхта биринчи жолу жолдомо алып, 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда мыкты оюн көрсөткөн.

Быйыл машыктыруучулардын айлыгын көбөйтүү үчүн бюджеттен ага кошумча 103 млн. сом бөлүнөрү айтылган. Ага ылайык, 1500дөн ашуун машыктыруучунун жана 400гө жакын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.