Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу сот өкүмү 13-мартта кайра каралат

792

Казакстандык көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу апелляциялык сот отуруму 13-мартка белгиленди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Сотко доо арызды Денис Тендин апасынын адвокаты жана соттолуучулар Арман Кудайбергенов менен Нуралы Киясов берген.

Жабырлануучу тарап тергөө амалдары толук жүргүзүлбөгөнүн, сот “кылмыш иши башка адамдардын буйругу менен жасалган болушу ыктымал” деген божомолдорду эске албаганын белгилеген.

Тен былтыр 19-июлда бычак жегенден кийин Алматы ооруканасында кансырап каза тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кол салгандар анын унаасынын күзгүсүн уурдоого аракеттенишкен. Ортодо чыккан мушташта спортчуга бычак сайылган. Полиция шектүү эки жигитти жана аларга көмөктөшкөн аялды көп узабай кармаган.

Денис Тенди өлтүрүү үчүн айыпталган Арман Кудайбергенов менен Нуралы Киясов быйыл 17-январда 18 жылга кесилген.

Маркумдун энеси сотто баласы буюртма киши өлтүрүүнүн курмандыгы болгон деп эсептей тургандыгын айткан.

Тен 5 жолу Казакстандын чемпиону болуп, Сочи Олимпиадасында коло медаль алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.