«Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча тасма тартылат

3325

Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар Чыңгыз Айтматов тууралуу көбүрөөк билүүсүнө көмөктөшүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев улуу жазуучунун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынында билдирди. Анын жүрүшүндө министрлер кабинетинин жетекчиси белгиленген иш-чараларды сапаттуу аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат беришти. Ошондой эле, жыйында жазуучунун кичи мекени Талас областынын Шекер айылында «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагынын жеңүүчүнүн долбоору сунушталды.

Өкмөт башчысы финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдоо менен бул комплекстин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объекттер тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Кинематография департаментине Саха Республикасы менен биргеликте тартуусу пландалган жазуучунун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча тасма тартууну тездетүү талабы айтылды.