Депутат Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду

351

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган.

Башкы прокуратура Арсен Закировго «ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу», «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

comments powered by HyperComments