Депутат болом дегендер: ашпозчу, укалоочу, күзөтчү (видео)

1626

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоого аттанган тогуз киши талапкерлигин алып салышты. Алардын арасында Жогорку Кеңештин эки депутаты дагы бар. Учурда 36 мандат үчүн 312 кандидат ат салышууда. Ал эми партиялардын тизмеси менен 1045 талапкер катышып, үгүт иштерин жүргүзө башташты.

Кандидаттардын арасында Жогорку Кеңештин 65 депутаты, 400гө жакын жумушсуз, 60тан ашык мугалим, отуздай ишкер бар. Мындан тышкары тизмелерден ашпозчу, укалоочу, күзөтчү, артист жана пенсионерлерди кездештирүүгө болот. Эмне үчүн талапкерлер орто жолдон кандидаттыгын алып салууда? Жогорку Кеңештин төрагасы менен БШК ортосундагы соттошуу качан аяктайт?