Депутат болуш үчүн канча каражат чачыш керек? (видео)

1428

9 пайыздык чек алдыдагы парламенттик шайлоону кымбаттатып жатыптыр. Анткени шарттар канчалык катаалдашып, ал эми талапкерлер ошончолук көп болсо, депутаттык мандаттын баасы дагы жогорулайт. Эгер парламентке келүүнү кыялданган адам элге таанымал болбосо, ал үчүн депутаттык орундун наркы дагы өсөт. Ал эми улуттук азчылыктын өкүлү жаштардын, аялдардын квотасына туура келген талапкерге арзандатуулар каралган. Ар кандай айың-кептерге караганда, азыр депутаттык мандат 350 миң доллардан жогору бааланууда. Шайлоо жакындаганда орундар дагы кымбатташы мүмкүн.

Депутаттык орундардын баасы бычылып, колунда барлар акчасына таянып шайлоого аттанып жатканынын өзү опурталдуу. Муну шайлоо дебей эле, байлардын таймашы деп койсок туура болчудай. Мандатты акчага сатып алгандар кийин парламентке келгенде эмне иш менен алектенээри, өлкөнүн эмес жеке өзүнүн кызыкчылыгын көздөөрү айтпаса деле түшүнүктүү. Депутат болуш үчүн акча сөзсүз керек экенин азыр колунда мандаты бар маектешибиз дагы тастыктады.