Депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын дагы жараны болуп чыкты

859

Казакстанда контрабандага шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын дагы жараны болуп чыкты. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен тастыкташып, кошуна өлкөнүн тиешелүү мекемесинен нота бүгүн келип түшкөнүн билдиришти. Депутаттын кош жарандуулугу тууралуу билдирүүлөр кечээ кечинде эле жарыяланып, аларды бир катар маалымат агенттиктери ички жана тышкы министрликтериндеги өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан болчу.

Эске салсак, 17-февралда Казакстандын аймагында аткезчилик жана мыйзамсыз соода жүгүртүүгө каршы ири операциялар жүрүп, анын алкагында депутат Дамирбек Асылбек уулу менен дагы бир нече кыргыз жараны кармалган. Аларга айып тагылып, эки айга камакка алынган.

Эгер Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу чындап эле башка мамлекеттин жараны экени аныкталса, анда аны мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратуу маселеси каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, азырынча мекемеге бул расмий документтер келип түшө элек.

Белгилей кетсек, «Жогорку Кенештин депутатынын статусу» жөнүндө мыйзамдын 3-беренесине ылайык, башка өлкөнүн жарандыгы бар эл өкүлдөрү мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылат.