Депутат Исхак Масалиев жаңы парламенттик коалицияны түзүүнү сунуштады

646

Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясы таркашы керек. Дал ушундай пикирин парламенттин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев айтып чыкты. Эл өкүлү жаңы түзүлө турган саясий альянс КСДПдан башка фракциялардан куралышы керек дейт.

Исхак Масалиев коалициянын негизги өзөгүн түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болуп жатканы жалпы Жогорку Кеңешке зыянын тийгизе турганын айтты.

Буга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жооп кылып, ар бир саясий бирикме коалицияда болобу же жокпу өздөрү чечиши керектигин билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.