Депутат: Жаман кабар айтылбасын (видео)

725

Жаман жаңылыктары жашыруу керекпи? Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов оор кылмыштар тууралуу маалыматтарды жайылтпоо керек деген сунуш айтты. Анын пикиринде, бул тууралуу норманы тиешелүү кодекске киргизүү зарыл. Айтымында, мындай жаңылыктар өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасирин тийгизип жатат.

Депутаттын бул сунушу — журналисттер коомчулугу тарабынан сөз эркиндигин чектөө аракети катары бааланууда. Буга чейин ушул сыяктуу сунушту башка эл өкүлү Акылбек Жапаров дагы айтып чыккан. Анын пикиринде, өлкөдөгү терс окуялар орус жана англис тилдеринде жарыяланбашы керек болчу. Жаманды жашырып, жакшыны ашыра айтуу менен өлкөнү өнүктүрсө болобу?