Депутат кайсы учурда мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылат? (видео)

1581

Бир мандаттуу округдан шайланып келген депутатка каршы 10 миң кол чогултулса, мандатынан ажыратылат. Эл өкүлү 10 күн эч себепсиз жумушка келбей койсо дагы ыйгарым укуктары токтотулат. Учурда Жогорку Кеңештин жаңы регламенти жана депутаттын статусу тууралуу мыйзам долбоорлорунун үстүнөн 2 жумушчу топ иштеп жатат.

Ушул же кийинки аптада документ талкууга чыгарылат. Анда бир мандаттуу округдан шайланып келгендерди депутаттык мандаттан ажыратууну эл чечсе, партиялык тизме менен өткөндөрдүн тагдырын чечүү укугун фракция лидерине берүү сунушталып жатыптыр.