Депутат Кожобек Рыспаев гезитти сотко берди (видео)

589

Жергиликтүү басылма Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 1 миллион сом төлөп калышы мүмкүн. Эки тараптын кезектеги соттук отуруму 24-майда Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтөт.

Эл өкүлү февраль айында сотко доо арыз менен кайрылып, «Ачык саясат плюс» гезити анын ар намысына шек келтирген макаланы жарыялады деп 300 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Көп өтпөй, депутат сумманы жогорулатып, бир миллион сомдук доо арыз жөнөткөн. Бирок гезиттин жамааты Кожобек Рыспаевдин дооматтарын негизсиз деп эсептейт.