Депутат менен министрдин ортосунда кандай талаш бар? (видео)

955

Депутаттардын жеке маселесин чечип бербеген аткаминээрлер куугунтукка кабылып жатабы? Айрым эл өкүлдөрү мандатын пайдаланып өзүнүн иштерин бүтүрүүнү көздөп, бирок маселеси чечилбесе парламенттин трибунасын колдонуп жатышат, дешет эксперттер. Депутаттардын мындай аракети мыйзамсыз болуп эсептелингени менен, аларды жоопкерчиликке тартуу дээрлик мүмкүн эмес. Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди иштей албай жатат деп айыптаса, аткаминер кептин төркүнү башкада экенин айтты. Анын билдирүүсүндө, эл өкүлүнүн таанышын жогорку кызматка дайындабай койгону үчүн маалыматтык чабуулга кабылууда. Депутат менен мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок.