Депутат: Премьер-министр «Коопсуз шаар» боюнча маалымат бериши керек

704

«Коопсуз шаар» долбоору үзгүлтүккө учурап жатканы үчүн депутаттар өкмөттү сынга алууда. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, долбоор кайрадан жаңжалдар менен коштолуп жатканы уят.

2012-жылдан бери жетинчи жолу тендер өткөрүлдү, бирок «Коопсуз шаар» программасынан дайын жок. Ал арада, жол кырсыгы көбөйүп, адам өлүмдөрү катталууда. Бул жаатта премьер-министр парламентке маалымат бериши керек, дейт депутат Абдывахап Нурбаев.

Белгилей кетсек, учурда “Коопсуз шаар” долбооруна байланыштуу соттошуулар башталганы жатат. Анткени мекемелер аралык көз карандысыз комиссия тендерде утуп чыккан компаниянын тажрыйбасы жок экенин айткан. Буга макул болбогон Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылды.