Депутат: Тартип сакчылары ишкерлерди акча которууга мажбурлашууда

919

Тартип сактоо органдарынын айрым кызматкерлери ишкерлерден бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууну талап кылууда. Эгер макул болбосо, кылмыш ишин козгойм, деп коркутуп жатышат. Бул тууралуу парламентте депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Анын билдирүүсүнө караганда, тартип сактоо органдары бири-бири менен атаандашып, атайын эсепке көбүрөөк акча которуу үчүн ишкерлерди кыйнашууда. Алар бизнес чөйрөсүн кысымга албай, коррупцияга малынган аткаминерлерди таап, уурдалган акчаларды өндүрүшү керек, дейт эл өкүлү.