Депутат Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди (видео)

1616

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты анын Бишкектеги Көк-Жар конушундагы үйүндө болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр баш болгон саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. 40 жаштагы Улан Чолпонбаев ишемби күнү бөйрөк оорусунан көз жумган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Артында эки баласы калды.