Депутатка ыйгарылган ардактуу наам жаңжалы кайрадан күчөдү (видео)

622

Юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго берилген «билим берүүнүн мыктысы» наамын ыйгарууда мыйзам бузуу болгонун айтып, Коопсуздук кеңешине кайрылды. Анын пикиринде, Билим берүү жана илим министрлигинде агартуу тармагындагы ардактуу наамды ыйгарууда мыйзам бузуулар болуп жатат. Себеби депутатка төш белги тапшырыш үчүн тиешелүү жобо бузулган, дейт юрист.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов болсо, ага бул наам Билим берүү жаатында кылган эмгеги үчүн берилгенин айтууда. Анын пикиринде, агартуу тармагында тажрыйбасы жетишпегени менен жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууда бир топ эмгек жасаган.