Депутаттар айлык алып жатышабы? (видео)

3268

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ноябрь айына чегериле турган эмгек акысын, октябрь окуяларында талкаланган компьютерлердин ордуна жаңысын алууга жумшоону демилгелешүүдө. Бул үчүн эл өкүлдөрүнүн колу чогултулуп жатканы белгилүү болду.

Депутаттардын буга чейинки маянасы Ак үйдү оңдоп-түзөөгө кеткени айтылган. Бирок ага 120 депутаттын 70и эле макул болуптур. Ал арада ноябрь айынан тарта эл өкүлдөрүнө уюлдук байланыш, күйүүчү майга деп каражат берилбей калышы ыктымал экени белгиленди. Себеби депутаттык фонд беш жылга деп эсептелген.