Депутаттар Акыйкатчыны кетиришкени калдыбы? (видео)

625

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Акыйткачы Кубат Оторбаевдин 2016-жылдагы иши тууралуу баяндамасы кызуу талкуу жаратып, айрым депутаттар маалыматты жактырбоо сунушун айтып чыгышты. Бул демилге комитеттеги социал-демократтар тарабынан көтөрүлдү. Эске салсак, былтыр жыл соңунда КСДП фракциясы Акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Анда Омбудсмен социал-демократтардын жыйындарына эч себепсиз, системалуу түрдө келбей жатканы доомат катары айтылган болчу. Мындан тышкары, 2016-жылдагы Акыйкатчынын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама 2 жылдан кийин жасалып жатканы дагы айрым депутаттарды нааразы кылды. Кубат Оторбаевдин айтымында, ал өз убагында маалымат бербей калганына жүйөөлүү себептер болгон.