Депутаттар Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга жол ачмай болушту (видео)

872

Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, курамы бекитилди. Эми алар 7 күндүн ичинде Атамбаевге күнөө коюу боюнча корутундусун бериши керек.

Эл өкүлдөрү мурдагы өлкө башчыны кескин сындап, анын президент кездеги ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну демилгелешкен. Парламентарийлер Атамбаевди «бийликти узурпация кылган», «конституциялык реформаны мыйзамсыз өткөргөн» деген оор беренелер боюнча айыптап жатышат.