Депутаттар Баткен областынын губернаторунун ишине нааразы (видео)

1067

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматынан кетирип, калк арасында кадыр-баркы бар, иштин көзүн билген жетекчини алып келүү зарыл. Мындай талап Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды. Анда депутаттар Лейлек районунун Максат айылында болгон чек ара жаңжалын сөз кылып, губернатордун ишине нааразычылыгын айтышты. Областтын учурдагы жетекчилиги чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз болууда, дешет эл өкүлдөрү. Мындан тышкары, депутаттар бул маселени тез арада карап, өкмөттүн маалыматын угууну сунушташты. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясында да каралганы жатыптыр.