Депутаттар эмнеге чырдаша кетишти? (видео)

3375

Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон депутаттар Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт үчүн колдонобу? Бул маселе эл өкүлдөрүн эки жаатка болду. Айрым парламентарийлер үгүт маалында шайлоочулар менен иштөө үчүн тарап кетүүнү сунуштады эле, ага каршы чыккандар басымдуулук кылды.

Анткени талапкер-депутаттын шайлоочулар менен жолугушуусу бюджеттин эсебинен болуп калабы деген дагы суроо туулат. Эл өкүлдөрү бир айга тараса-тарабаса дагы, алардын мандатка ээ болушу башка талапкерлерге салыштырмалуу артыкчылык берүүдө. Бирок депутаттар өздөрү кабыл алган мыйзамга ушул норманы киргизип алышкан.