Депутаттар Гүлбара Калиева боюнча маселени карайт (видео)

1503

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан четтетүү боюнча соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын сунушу Президенттин аппаратына жөнөтүлдү. Депутаттардын да макулдугун алуу боюнча документтер даярдалып, ал жакынкы күндөрү парламентке келип түшөт.
Ал арада Гүлбара Калиеванын дарылануусу аяктап, эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болду. Эске салсак, өткөн аптада Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. Муну менен башкы фемида өкүлүн суракка күч менен келтирүүгө жол ачылган.