Депутаттар: Итке калпак кийгизгендер жазалансын! (видео)

742

Итке калпак кийгизгендер боюнча президенттин аппараты өз баасын берет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги өкүлү билдирди. Жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизгендерге чара көрүүнү депутаттар да талап кылышты. Жыйындын жүрүшүндө калың жааган кардын кесепети дагы талкууланып, эл өкүлдөрү электр жарыгы өчүп, жолдо жүрүү кыйынчылык туудуруп жатканына токтолушту. Парламентарийлердин айтымында, түштүк аймакка авиакаттамдарды көбөйтүп, билеттердин баасын арзандатуу керек.