Депутаттар Жаңы жыл майрамында салют атпоону мэриядан өтүнүшүүдө

13361

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Бишкек мэриясынан 31-декабрь күнү Ала-Тоо аянтында салют аттырбоону өтүнүшүүдө. Алар буга Бишкектин абасы ансыз да булганып, калаанын үстүн кара түтүн каптаганы менен түшүндүрүшүүдө.

Ал эми шаар жетекчилиги 700 миңге сатып алган пиротехникалык каражаттарды 31-августь Эгемендик майрамына калтырып койсо болот дешет, эл өкүлдөрү. Ушундай эле сунушту буга чейин бир катар жарандык активисттер, экологдор айтып, Бишкек мэриясынын алдына пикетке да чыгышкан.

Дарыгерлер да калаанын булганган абасы дем алуу органдарын жабыркатып, бир катар илдеттердин өрчүшүнө алып келерин айтып коңгуроо кагышууда. Эл аралык уюмдардын акыркы маалыматтарына караганда, Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч делген шаарлардын бири болуп табылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.