Депутаттар Жылуулук борборуна барып кырдаал менен жеринен таанышат

702

Жогорку Кеңештин депутаттары эртең Бишкек ТЭЦине барып кырдаал менен жеринен таанышат. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплекси боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, комитеттин эртеңки көчмө жыйынында шаардыктардын жылуулуксуз калганына ким күнөөлүү экени жана эмне үчүн өз убагында ремонт жасалбаганы териштирилип, чечим кабыл алынат.