Депутаттар кайсы мыйзам-долбоорлору үчүн уялат? (видео)

589

Коомдук пикирдин күчү. Мурдагы премьер-министр менен Жогорку Кеңештин төрагаларын өмүр бою бюджеттин эсебинен багууну сунуштаган депутат Мирлан Бакиров бул ниетинен кайра баш тартты. Анткени документ коомдук талкууга коюлаары менен катуу сынга кабылды.

Депутаттар элди таң калтырган мындай документтерди биринчи жолу сунуштап жатышкан жок. Парламентте көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, кээде күлкүнү келтирген демилгелер көтөрүлүп келет. Айрым мыйзам долбоорлору үчүн уялган эл өкүлдөрү дагы бар.