Депутаттар коомдук жайларда чылым чегүүнү толук тыюуну сунуш кылышты

894

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда турак жайлардан тышкары коомдук жайларда, мекемелердин имараттарынын ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат.

Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева мыйзамдын максатын кыскача түшүндүрдү.

«Азыр иштеп жаткан мыйзамда кеңселерде, коомдук тамактануучу жайларда тамеки тартуучу жери болсо, чылым чегүүгө уруксат берилет. Биздин мыйзам долбоорубузда мунун баарына 100 % тыюу салынат. Мисалы, азыркы мыйзамдарда кафелер менен ресторандарда атайын жерди бөлүп коюп тамеки тартса болот», — деди Алтыбаева.

Документте тамекини жарнамалоону тескөө чаралары да каралган. Маселен, чылымдын кутучалары ар кандай өң-түстө эмес, кандай гана ишкана болбосун кутуча бир гана түстө болушу керек.

Мыйзамда ошондой эле үй шартында жасалган, талапка жооп бербеген насвайларды сатууга да тыюу салуу каралган.

1-январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекс боюнча билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттыкты сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чеккен болбойт жана буга май куюучу станциялар да кирет.

Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарга 1000 сом, мекемелерге 5000 сом айыппул салынат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.