Депутаттар күч түзүмдөрүн сынга алышты (видео)

630

Укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилерин алмаштырууга убакыт келип жетти. Мындай демилге парламенттеги социал-демократтар фракциясында көтөрүлдү. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, учурда, президент тарабынан коррупция менен күрөшүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат, бирок тиешелүү мекемелердин алып барган иштери чала болууда. Мындан улам, люстрацияга баруу зарыл, дешет депутаттар. Отурум учурунда бүгүнкү күнү көйгөйү жаралган ишкер укук коргоо органдарына баргандын ордуна кылмыштуу топтон жардам сурап, маселесин чечтирип жатканы да айтылды.