Депутаттар: күн ысыкта жылуулук бергендер жоопко тартылсын! (видео)

1080

Өлкөдө көмүрдүн тоннасы 9 миң сомго чейин чыгууда. Айрыкча Талас менен Баткен областтарында отундун баасы кескин жогорулады. Бул тууралуу бүгүн парламентте өкмөт кышка даярдык тууралуу маалымат берип жатканда айтылды. Көмүрдүн кымбатташынын негизги себеби – Казакстан жылуулук сезонуна даярдануу үчүн экспорттоого чектөө киргизген. Өлкөдө отун жетишсиз болуп жатканда аткаминээрлер көмүрү сарамжал колдонбогону депутаттарды нааразы кылды. Алсак, борбор калаада күн ысып жатса дагы жылуулук системасы өчүрүлгөн жок. Эсеп боюнча, бир күндө Бишкек жылуулук борборунда 2700 тонна көмүр жагылып, келтирилген чыгым — 8 миллион сомго жеткен. 9 күндүн ичинде 72 миллион сом жөн эле абага кетти.