Депутаттар: Кыргызстан сугат сууну курал катары колдонуу керек (видео)

871

Кыргыз-казак чек арасындагы оор кырдаалды чечүүгө Жогорку Кеңеш да кийлигишүүсү керек. Күн өткөн сайын курчуп жаткан чек ара көйгөйү депутаттар арасында дагы көтөрүлүп, анда мыйзам чыгаруу органынын жаңы төрагасы, коңшу өлкөнүн парламенти менен кызматташуунун алкагында Астанага барып, сүйлөшүү өткөрүү керектиги айтылды. Кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек, дешет депутаттар. Алардын бири — сугат сууну курал катары колдонуу. Ошондой эле, өкмөткө жабыр тарткан тараптардын чыгымдарын төлөө жана колдон келген жеңилдиктерди кароо жагын караштыруусу зарыл экендиги белгиленди.