Депутаттар: Мектеп директорлору түшпөс ханга айланып кетти (видео)

1265

Мектеп директорлорун беш жылга гана дайындоого уруксат берген мыйзам кабыл алуу керек. Антпесе айрым билим берүү жайларынын жетекчилери түшпөс ханга айланып кетти, дешет депутаттар. Мындай сунуш Жогорку Кеңеште айтылып, өкмөткө тиешелүү мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле, отурумда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Тез жардам кызматына талапка туура келбеген унааларды кабыл алдыруу үчүн кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу соз болду. Ал эми Тогуз Торо районунда экология кескин бузулуп, адам өлүмдөрү көбөйүүдө, дешет депутаттар.