Депутаттар менен соттордун тиреши (видео)

809

Конституциялык палата Парламент менен Жогорку соттун тирешин күчөттүбү? Депутаттар жакынкы арада сот системасын тартипке келтирүүнү көздөп жатышат. Буга Конституциялык палатанын чыгарган чечими себеп болууда. Анда Жогорку Кеңеш соттордун ишмердүүлүгү боюнча жыл сайын отчет алууга укугу жок деп жазылган.

Демек, мындан ары Фемида өкүлдөрү кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу өздөрү каалаган убакта гана маалымат беришет. Бирок Конституциялык палатанын мындай чечимине парламентарийлер менен мурдагы судьялар дагы макул эмес.